Түркиянын Анталья аймагында токойлордон ири өрт чыкты (видео)

Кечээ, 24-июлда Түркиянын Анталья аймагынын Кемер районунда чыккан өрттү өчүрүү аракеттери уланууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кечээ кечинде башталган токой өртүн өчүрүү иштери түнү менен уланган. Бирок шамалдын таасиринен өрт бир нече аймакка жайылып кеткендиктен, учурда тилсиз жоонун алдын алуу үчүн дагы деле өрт өчүрүү кызматкерлери иштеп жатат.

Ал эми Түркиянын токой-чарба министри Ибрагим Йумаклы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өрттү өчүрүү үчүн 11 учак, 22 тик учак жана 512 кызматкер иштеп жатканын билдирген.

Ошондой эле түтүндөн жабыркаган 6 адам ооруканага жаткырылып, өрт чыккан аймакка жакын жердеги 10 турак жайдын тургундары эвакуацияланган.

Эске салсак, учурда Антальядан сырткары Түркиянын Кахраманмараш жана Маниса аймагында өрт өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Буга чейин аталган өкөнүн Хатай, Мерсин, Чанаккале аймагын дагы өрт каптаган болчу.

Түркиянын Анталья аймагында токойлор өрттөнүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан