Саламаттыкты сактоо министрлиги 22-июлда Ош шаарында үч эм төрөлгөнүн билдирди.
Маалымдалгандай, ымыркайлар 30 жумалыгында кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келген, алардын экөө уул, бирөө кыз. Үч эмдин апасы Чоң-Алай районунун 21 жаштагы тургуну, бул анын биринчи төрөтү.
Наристелер 1 килограмм 350 граммга чейинки салмакта төрөлгөн.
Ош шаарынын саламаттыкты сактоо координатору Эрмек Нурунбетовдун маалыматы боюнча, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы туруктуу жана алар үйүнө чыгарылды.