Акчаны кантип туура чогултуу керек? Адистер кеңеш берет

Көпчүлүк адамдар акча чогултууда жана аны туура сактоого анчейин маани бербей келет. Эгер пландап акча топтоп жүрсөк, аны баалуу буюм сатып алууга, же жумуштарды бүтүрүүгө сарптайбыз. SUPER.KG порталынын Пайдалуу кеңеш түрмөгүндө финансылык сабаттуулук, акчаны туура топтоону финанси адиси Табылды Рыскелдиев айтып берди.

Акча сактоодон биринчи алдыга максат коюп алса туура болот. Эмне сатып алам, эмнеге сарптайм деген так максат болуш керек. Ай сайын маяна алганда, ал акчанын 10 пайызын, колдон келсе 20-30 пайызын өзүнчө бөлүп сактап койгону жакшы. Сиз пландаган акчага жеткенче ал акчаны жок деп эсептейсиз, ошондо гана акча максаттуу чогулат.

- Акчаны банкта сактоо банктарды кайсы критерийлерге карап тандоо керек?

- Банкта акчаңызды коркпой эле сактай берсеңиз болот. Бул багытта өлкөдө депозиттерди коргоо боюнча агентиги иш алып барат. Агенттик депозиттин негизги суммасын жана пайыздарды кошуп санаганда 1 миллион сомго чейинки депозиттерди коргой алат. Кайсы банкты тандайм деп жатсаңыз, биринчи кезекте банктын репутациясына, кирешесине караңыз. Андан кийин депозиттин пайызын карап, өзүңүзгө ыңгайлуу банкты тандап алсаңыз болот.

- Акча сактоонун кандай түрлөрү бар?


- Акчаны үйдө, банкта сактаса болот. Банкта сактоо боюнча айтсам, депозиттин ар кандай түрлөрү бар. Мисалы: депозитти бир жылга ачсаңыз акча болгон учурда сала бересиз, бирок ала албайсыз. Депозиттин мөөнөтү бүткөндө пайызы менен негизги сумманы кошуп аласыз. Ал эми акчаңызды салып, керектүү учурда негизги сумманы жана пайызды ала турган дагы депозиттер бар. Ар бир банктын депозиттеринин шарттары ар кандай. Акча чогултууну пландап жатсаңыз, банкка барып толук маалымат алсаңыз болот.

- Шылуундарга алданып калбоо үчүн эмне кылуу керек?


- Шылуундарга алданып калбоо үчүн, сиздин телефонуңузга келген ар кандай шилтемелерди ачпоону сунуштайм. Банк кызматкери болом деп сиздин картаңыздын номерин же телефонуңузга код жөнөттүк деп кодду сурашы мүмкүн мындай учурларда сизге тиешелүү болгон маалыматтарды бербеңиз.

Эгер сиз акча чогулта албай жатсаңыз, айлык алганда баарын коротуп койсоңуз, сизге адистер акча сактоонун сырлары менен бөлүшөт.

Киреше-чыгаша


Жеке каржыны көзөмөлдөй турган программа бар, аны телефонго орнотуп алып милдеттүү түрдө киреше-чыгашаны жазып туруу керек. Бирок эч кандай алдамай жок! Кирешелерди жана чыгашаларды эсептеп туруу кажет. Бул үй-бүлөлүк бюджетти оптимизациялап, кереги жок сатып алуулардан кутулууга жардам берет.

Максат коюу


Максатка карата гана акча топтоо стратегиясы иштейт. Бирөөлөр кымбат буюмдарга акча топтосо, башкалары саякаттоо үчүн чогултат. Сиздин максат кандай, сөзсүз түрдө максат коюп анан акча чогултсаңыз жакшы чогулат.

“Коопсуздук жаздыкчасын” түзүп коюңуз


Жашоодо ар кандай учур болуп калышы мүмкүн, бул үчүн “коопсуздук жаздыкчасын” түзүп койуңуз. Ал эмне? Бул ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарда, мисалы, тойлорго, ооруп калган учурга же дагы башка кырдаалдарга өзүнчө акча топтоп жүрүңүз. Мындай учур топтоп жаткан акчаны коротуп жиберүүдөн сактайт.

Акча жөнүндө ойлонуңуз


Эртең менен ойгонгон учурда өзүңүзгө кутмандуу күн каалап, акчаны топтоого түрткү берип жаткан максатыңызды ойлоңуз. Бир буюм сатып алып жатканда кымбатпы, арзанбы айырмасы жок бул сатып алуу сизге керекпи, чыныгы кубаныч алып келеби? Ушул суроолорго жооп берип анан сатып алыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан