Сокулук районунда дайынсыз болуп изделип жаткан Жанарбек Кенжебек уулунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 25-июлда Чүй ОИИББинен билдирди.
Маалыматка ылайык, бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда шектүү катары 3 адам кармалды.
Милиция толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин Сокулук районунда 1990-жылы туулган Жанарбек Кенжебек уулу дайынсыз болуп изделип жаткан. Ал үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда Чат-Көл айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.