
Кыргызстанда жарым жылда унаа уурдоо боюнча 123 кылмыш катталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматында 123 кылмыштан сырткары, унаа айдап качкан айрым фактылар аныкталбай калган. Анда 6 айдын ичинде жол кырсыктарын жасагандан кийин 539 айдоочу изин жашырып кеткен. Алардын ичинен 12 учуру адам өлүмү менен коштолсо, 580 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан. Маалыматта азыркы учурда бети ачылбаган фактылардын да бар экени жазылган.
"Бул сандар айдоочулардын жоопкерчиликсиздигинен, кайдыгерлигинен, айдоо маданиятынын жоктугунан жана жолдордогу начар жүрүм-турумунан кабар берет. Из жашырып кеткен кылмышкерлер сөзсүз аныкталып, мыйзам чегинде катуу жоопкерчиликке тартылат"- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен аймактык ички иштер органдары “Унаа издөө” ыкчам алдын алуу иш-чарасын жүргүзүүдө. Алар унаа базарларын, техникалык тейлөө станцияларын жана посттордогу унааларды текшерүүдө.