Актриса Асема Токтобекова 37 жашка толду: "Чет өлкөдөн да белектерди жөнөтүп жатышат"

Бүгүн, 25-июлда белгилүү актриса жана ырчы Асема Токтобекова 37 жашка толду. Ырчыны куттуктап, өзү менен байланышканыбызда белектерди алып бошобой жатканын билдирди.

"Негизи туулган күндү майрамдабайм. Ошентсе да тааныштар, санаалаштар жана жакын адамдар куттуктап жатышат. Айрымдары чет өлкөдөн белектерин жөнөтүп жатышат. Белектердин кайсынысы баалуу экенин ченеп айткандан алысмын. Мен үчүн бардык белектер баалуу, белек бергендердин көңүлү баа жеткис. Эстеп куттуктап жаткандарга ыраазычылыгымды билдирем"- деди ырчы айым.

Ошондой эле Токтобековадан жолдошу кандай белек бергенин сураганыбызда, алтын комплект алганын айтты.

Туулган күнү тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы баракчасында да билдирүү калтырган. Билдирүүдө белгилүү актриса атасы ысымын "Баян" койгусу келгенин, бирок апасы менен таенеси "Асема" деген ысым ыйгарып койгонун жазган. Ошондой эле эч нерседен кем кылбай чоңойткону үчүн ата-энесине ыраазычылыгын билдирген.

"1986-жылы апам үчүнчү ирет наристе күтүп жаткан чагы эле. Төрөтү оор болгондуктан эки уулдан кийин көп жыл аралыкта ар бир эне сыяктуу эле кыздуу болгусу келген. Бирок тогуз ай бою эркек төрөй турганын дарыгерлер айтып жүрүштү. Албетте, апам айласы жок аман-эсен төрөттөн эле өтүп алуусун Жаратканыбыздан тиленип жүрдү. 25-июль күнү толгоо башталып, дарыгерлер көпкө чейин алышып атып: "Поздравляем, у Вас девочка!" десе апам эсин жоготуп коюптур. Кыскасы апам төрөтканада бир ай бою жатты, мени таежем баккан экен. Атам болсо майрамдан-майрам уланып, менин атымды "Баян" коём деп Казакстандан келсе, таенем менен апам "Асема" деп коюп коюшкан экен. Ошентип буюрса бүгүн 37ге толдум! Эч нерседен кем кылбай чоңойткон ата-энеме ыраазымын. Эне болуп, өзүм апамды түшүнүп турган кезим"- деп жазган ал.

Асема Токтобекова 1986-жылы 25-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. 2008-жылы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык байланыштар факультетин, кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган. 2008-жылы режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун Боз салкын" тасмасындагы мыкты ролу үчүн Баку шаарында өткөн "Восток-Запад" эл аралык кинофестивалында "Эң назик образ" байгесине ээ болгон. Көпчүлүгү актрисаны "Боз салкын", "Уурунун махабаты", "Сүйүү күчү", "Такебай" тасмалары аркылуу таанышат. Мындан сырткары, ырчынын "Асем кыз", "Энекем", "Жымыңдайт жылдыз" жана башка ырлары бар.

Учурда Токтобекова өмүрлүк жолдошу Акжол Нишанов менен эки уул, бир кызды тарбиялап келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан