Бишкек Сеулга кыргыз мигранттары үчүн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

Бүгүн, 25-июлда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Түштүк Кореянын эмгек жана ишке орноштуруу министри Ли Жонг Сик жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланды. Анда Кулубаев жогорку деңгээлдеги иш сапарларды иштеп чыгуу жана уюштуруу, ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн визалык режимди жеңилдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы эмгек жана ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү кызматташтыкты мындан ары иштеп чыгууү, атап айтканда, эмгек квотасын көбөйтүү, уруксат берүү процессин жөнөкөйлөтүү, иштеп жаткан жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү үчүн өз ара тажрыйба жана алдыңкы практика менен алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар жумушчуларды кабыл алуу механизмдерин, анын ичинде регионалдык квоталардын негизинде ишке ашыруу механизмдерин кеңейтүүгө, коомчулукту процессти көзөмөлдөөгө жигердүү тартууга, ошондой эле Корея Республикасында мыйзамдуу эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти. Ошондой эле кыргыз тарап жумушчуларды социалдык жактан коргоону жана эмгек нормаларын сактоону камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Ли Чжон Сик мындай жолугушуулар эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди чыңдоонун маанилүү механизми болуп саналарын жана экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан