Ысык-Көлдө биринчи жолу "Ак куу көлү" балети көрсөтүлдү

Кечээ, 25- июлда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан "Ала-Тоо симфониясы" биринчи жайкы чыгармачыл мектеби долбоорунун алкагында "Ак куу көлү" балети көрсөтүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, балет "Рух-Ордо" маданий борборунда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын аткаруусунда көрүүчүлөргө тартууланды.
Маданий иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, Гнесин атындагы Орусия музыка академиясынын ректору Александр Рыжинский жана аталган окуу жайдын профессор-окутуучулары, Жогорку Кеңештин депутаты, бир катар көрүнүктүү маданият ишмерлер, эс алуучулар жана Чолпон-Ата шаарынын тургундары катышты.
Белгилей кетсек, Петр Чайковскийдин айтылуу "Ак куу көлү" балетин 1-августтан 10-августка чейин саат 19:00дө Ысык-Көлдүн жээгинде "Рух-Ордо" маданий борборунан көрүүгө болот.
“Ак куу көлү” балети Кыргызстанда алгач 1949-жылы коюлуп, башкы каармандардын образын Бүбүсара Бейшеналиева менен Уран Сарбагышев аткарган. Ал эми экинчи ирет 1965-жылы коюлса, 2016-жылы 3-жолу редакцияланып, жаңы үлгүдө сахнага чыгарылган.
Ак куу көлү” балетинде ханзаада Зигфрид жана каардуу сыйкырчынын колунан ак кууга айланып калган Одеттанын сүйүүсү тууралуу баяндалат. Зигфрид өзүнүн күчүнө ишенип, Одеттаны сыйкырдын туткунунан бошотуп алат. Бирок, каармандардын тагдыры кайгылуу аяктайт. Одетта көз жумат, ал эми ханзаада кыялдарынын көлүнүн жээгинде жалгыз калат",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан