Футболчу Ильзат Ахметов аны "саткын" дегендерге жооп берди

Бишкекте төрөлгөн Орусия улуттук курама командасынын футболчусу Ильзат Ахметов аны "Кыргызстанды сатып кетти" дегендерге жооп берди.

Футболчу Орусиянын Sport24 басылмасына берген маегинде аны "саткын" деп атагандар акылы аз адамдар экенин айтты.

"Эл бардыгы кандай болгонун түшүнбөйт. Мен Орусияда чоңоюп, футбол боюнча бардык билимимди ушул жерден алдым. Бул жерден бардык жаштар командаларына кошулуп, улуттук курама командага чейин ойнодум. Мен атүгүл теориялык жактан спорттук жарандыкты өзгөртө албайм.

Бирок эл муну түшүнбөй, эмне үчүн Кыргызстандын курамасында ойнобой койгонумду сурай беришет. Мени "саткын" деп эсептегендер акылы аз адамдар. Ар бир интервьюмда Кыргызстан менин мекеним деп айтам, баарына ыраазымын. Мен Кыргызстанды сатпай, тескерисинче даңазалайм. Мен кайсы жерде ойносом да өлкөгө жакшылык кылам", - деген Ахметов.

25 жаштагы футболчу Бишкек шаарында төрөлгөн. 2018-жылы ал Орусия курама командасында дебют жасаган. Учурда Орусиянын "Краснодар" футболдук клубунун оюнчусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан