Turkish Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчүсү учак асманга көтөрүлгөндө өз жанын кыйды

Түркиянын Turkish Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчүсү Стамбулдан Марракешке учуп бараткан учакта өз жанын кыйды. Бул тууралуу авиакомпаниядан билдирүү жасашкан.

"TK619 каттамынын жүргүнчүсү учак абага көтөрүлгөндөн кийин ажатканага кирген. Ал көпкө жоголгонунан шектенген экипаж мүчөлөрү эшикти талкалашкан. Ал чыгарылып, ага биринчи жардам көрсөтүлгөн, бирок жардам берген эмес", - деп билдирди авиакомпаниянын басма сөз кызматы.

Мындан улам учак Алжирдин борборуна конууга аргасыз болгон. Дарыгерлер жүргүнчүнүн өлүмүн аныкташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан