Индияда 12 метрлик кудукка түшүп кеткен бала 8 сааттан кийин куткарылды (видео)

Индиянын чыгышындагы Бихар штатындагы 3 жашар бала 12 метрлик кудуктан 8 сааттан кийин чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 23-июлда катталды. Анда Шиван Кумар аттуу 3 жаштагы бала үйүнүн жанында башка балдар менен ойноп жаткан учурда болду. Шиван капысынан 12 метрлик кудукка түшүп кеткен. Ал эми куткаруучулар баланы 8 сааттан кийин сыртка алып чыгышты.

"Куткарылгандан кийин медициналык топ баланы текшерүүдөн өткөрүп, андан ары дарылоо үчүн Вардман Медициналык илимдер институтуна (VIMS) жеткиришти. Шивам Кумар деген кичинекей бала Наланда полиция бекетине караштуу Кул айылынын тургуну Домман Манджинин 3 жаштагы уулу" -деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин 3 жаштагы баланын 12 метрлик кудукка түшүп кеткени, аны 8 сааттан кийин сыртка алып чыгышканы боюнча видео социалдык тармактарда тараган.

Индияда 12 метрлик кудукка түшүп кеткен бала 8 сааттан кийин куткарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан