Бүгүн, 26-июлда Төө-Ашуудагы Кусаин Көлбаев атындагы тоннелдин унаа жолуна асфальт-бетон төшөө иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка крааганда, тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери 6-августка чейин уланат. Анда 2510 метр жол толугу менен асфальтталынат. Буга байланыштуу бүгүндөн тарта бардык унаалар үчүн каттам чектелет.
Сосновка өткөрүү пункту тарабынан:
- Оор жүк ташуучу унаалар үчүн: түнкү саат 03:00дон баштап 16:00го чейин,
- Жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дон баштап 16:00го чейин жабылат.
Ал эми борбор калааны көздөй - Бишкек-Ош унаа жолунун 144-чакырымынан (Суусамыр өрөөнү):
- Оор жүк ташуучу унаалар үчүн: эртең мененки саат 05:00дон баштап 16:00го чейин,
- Жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дон баштап 16:00го чейин жабык болот.
Министрликтин маалыматы боюнча, тоннель акыркы жолу 2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бүгүнкү күнгө чейин тоннелдин электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулган. Ошондой эле актоо процесси жүрүп, тоннелдин бетон плиталары алмаштырылган. Азыркы тапта эски асфальтты сыйрып тазалоо иштери жүрүп жатат.