Саясат таануучу Токтогул Какчекеев Ленин округунан талапкерлигине арызын берди

Бүгүн, 26-июлда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү ниети жѳнүндѳ талапкер Токтогул Какчекеевден арыз келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 10-сентябрында ѳтѳ турган Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого саясат таануучу Токтогул Какчекеев БШКга арызын жазды.

"Саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү ар бир талапкер кѳрсѳтүлѳтурган шайлоо округун кѳрсѳтүү менен курултайда ишке ашырылат. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди кѳрсѳтүүгѳ укуктуу", - деп атылат маалыматта.

БШКнын 2023-жылдын 12-июлундагы № 64 токтому менен №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган.

Белгилей кетсек, Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2023-жылдын 10-августунда аяктайт.

Ленин шайлоо округунан талапкерликке кѳрсѳтүү жѳнүндѳ ниетин билдирген талапкерлердин тизмеси:

1) Эртай Искаков;

2) Алмаз Аскар уулу;

3) Эркин Булекбаев;

4) Роман Ремнёв;

5) Турсунбай Бакир уулу;

6) Куттубек Асылбеков;

7) Назарбек Нышанов;

8) Сулайман Мамаев;

9) Токтогул Какчекеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан