Ташиев паспорт алууга жардам сурап кайрылган жаранга паспортун тапшырды 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Никита Гончаровго идентификациялык (ID)картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 12-июлда социалдык тармактарда Никита Гончаровдун паспорт алуу үчүн Ташиевге көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган видеосу чыккан.

"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жигердүү иштердин алкагында Гончаров Никитага Кыргызстандын идентификациялык (ID) картасын жана жалпы жарандык паспортун тапшырды"- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, үй-бүлөлүк оор шарттарга ылайык, Гончаровдун жети жашында апасы оорудан улам каза болуп калган. Кийинки жылдары атасынын колунда чоңоюп, зарыл болгон алгачкы документтеринин жоктугунан Кыргызстандын паспортун ала алган эмес. Ал 3 жыл бою конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн ар кайсы ведомстволорго кайрылып жүргөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан