Бүгүн, 26-июлда футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйшөмбү шаарында талаа ээлери болгон Тажикстанга каршы ойнойт.
Эки команда "CAFA Futsal Cup-2023" турниринин алкагында кез келет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.
23-июлда Кыргыз курамасы ушул эле турнирдин алкагында Ооганстанга 5:4 жана 24-июлда Иранга 1:0 эсебинде жеңилип калган.