Учурда Нью-Йорк шаарында жашап жаткан кыргызстандык дизайнер Аида Сулова кыргыз версиясындагы Барбини жасады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
Аида куурчакка "Жамийла" деген ысым ыйгарып, ага Чыңгыз Айтматовдун "Жамийласына" окшош кылып кийим кийгизген.
"Жамила Барби- менин кыргыз Барбисин жаратуудагы фантазиям. Канчалаган мыкты кыргызстандыктар бар, алардын баарын жасоого көбүрөөк убактым жана ресурсум болгондо"- деп жазган ал.
Ошондой эле Сулова "Жамийланы" жасоодо сынып калган куурчактын бир бөлүгүн жана уулунун эски кийимин колдонгонун айткан.