Бишкектеги №3 Балдар ооруканасынын дарыгерлери ташка какап калган баланы аман алып калышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-июлда ооруканага тамагына таш тыгылып калган кичинекей баланы алып келишкен. Ага нөөмөттөгү дарыгерлер жардам көрсөтүшүп, ташты алып чыгышкан.
"Урматтуу ата-энелер! Кичинекейлерге, өзгөчө 1-4 жаш арасындагы балдарга жакшылап көңүл бурууңуздарды суранабыз. Дем алуу жолдоруна бөтөн нерселердин кирип кетиши абдан кооптуу. Дарылоо процесси оор. Ал эми балдар кичинекей", - деп жазылды оорукананын расмий баракчасына.