Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп Рахат Мусаева дайындалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 26-июлда Бишкек мэриясынан тастыкташты.
Белгилей кетсек, буга чейин ал Биринчи Май районунун акиминин орун басары, Биринчи Май райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси болгон.
Башкармалыкты буга чейин Айнура Арстамбекова жетектеген. Учурда ал Биринчи Май районунун акиминин орун басары болуп дайындалды.