Орусиянын Москва шаарында 17 жаштагы кыз уюлдук телефонун жоготуп алгандыгы үчүн өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.
Андагы маалыматка ылайык, 24-июль күнү 17 жаштагы кыз курбусунун туулган күнүнө барып, спирт ичимдигин ичкен. Ал өзүн бир кызыктай алып жүрө баштаганда достору аны таксиге салып, үйүнө жөнөтүшкөн. Ал үйүнө жеткенде гана телефону таксиде калып калганын билген.
Кыз телефону жоголгону үчүн өз жанын кыя тургандыгын айта баштаган. Анын ата-энеси такси айдоочусу менен байланышып, телефонду алып келүүгө кеткенден кийин кыз 8-кабаттан секирип кеткен.
Учурда кыз оор абалда ооруканада жатат.