Актёр Эрмек Таалйбеков менен блогер Бекзада Жолборс жакында ата-эне болушат. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Бекзада Жолборс өзүнүн "Инстаграм" баракчасына жазып чыкты.
Анда блогер Бекзада Жолборс бул учурду көптөн бери күтүп жатышкандыгын жазды.
" Биз бул жашообуздагы эң жакшы жаңылыкты сиздерге сөз менен айтып жеткире албайбыз. Ар бириңиздердин дубаларыңыздар, колдоо сөздөрүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ар бир үйдө балдардын күлкүсү жаңырып турсун", - деп жазган Бекзада.
Белгилей кетсек, актер Эрмек Таалайбеков менен Бекзада Жолборс 2017-жылы 6-ноябрда баш кошушкан.