Каракол шаарындагы көлдүн пляжынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 18-июль күнү Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө шаардык пляждан 50-60 метр алыстыкта чычырканактардын арасынан белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты шаардык милициянын электрондук маалымат реестрине катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.
Сөөктү сырттан кароодо зордук-зомбулуктун белгиси байкалган эмес, ошондой эле өлүк 2-3 айга жакын жатканы аныкталган.
Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сөөк Бишкекке жеткирилген.
Учурда табылган жансыз дененин аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат.