Өлкөдө суу аттракциондорун лицензиясы барлар гана иштете алышат

Эс алуучулар үчүн суу атракциондорун каттодон өтүп, лицензия алгандар гана иштете алышат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, суу үстүндө оюн-зоок кызматын көрсөткөндөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан каттоодон өтүп, уруксат алууга тийиш. Аталган жайларда техникалык-коопсуздук ченемдери толук сакталганда гана ишмердүүлүгүнө уруксат берилет.

Ага ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги суу транспортунун техникалык коопсуздугун, кеме токтоочу жайлардын талапка канчалык деңгээлде жооп берерин текшерип, кеме айдоочуларын аттестациядан өткөрөт жана жүргүнчүлөрдү ташууга лицензия берет.

Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги эс алуучуларга бир катар сунуштар менен кайрылды.

- Суу оюн-зоок кызматтарын колдонордон мурун алардан лицензия, сертификат жана уруксат кагаздарын талап кылыңыз.

- Көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатына жакшылап көңүл буруңуз. Кандай ылдамдыкта, кайсы аймакта аткарылып жатканын байкаңыз. Кызмат көрсөтүп жаткан адамды жакшылап изилдеңиз.

- Катуу шамал болуп, көлдө чоң толкундар пайда болгон учурда өмүрүңүздү тобокелге салбаңыз.

- "Банан", "Таблетка" сыяктуу суу аттракциондорунда жүргөндө куткаруучу жилет кийүү зарыл.

- Тереңдиктен жана ачык суу мейкиндигенен корккондорго суу аттракциондорун колдонуу сунушталбайт.

"Ички иштер министрлиги суу аттракциону себеп болгон Ысык-Көлдөгү каргашалуу окуядан улам эс алуучуларды жогоруда белгиленген эрежелерди так сактап, өмүрдү тобокелге салбоону өтүнөт", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан