Бишкекте ичүүчү сууга болгон чектөөлөр алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада ичүүчү сууга болгон чектөөлөр кечээ, 25-июлда алынып салынды. Ала-Арча дарыясы жана Чоң-Алыш каналы аркылуу жер үстүндөгү суунун жетишээрлик көлөмүнүн агып киришине байланыштуу Орто-Алыш башкы суу алгычынын бардык азыктандыруучу көлдөрү толтурулду.
Белгилей кетсек, магистралдык суу алгычтан берилген ичүүчү суунун жалпы чыгымы май айынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 900-1000 чарчы куб/саатка көбөйдү. Учурда баш суу алгычтын бардык скважиналары штаттык режимде иштеп жатат.