Жалал-Абадда мамлекеттик чек арадан аткезчилик жол менен мал алып өтүп, чек арачыларга каршылык көрсөткөн Аксы районунун тургундары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, 24-июлда УКМКнын Чек ара кызматы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы такталбаган мамлекеттик чек ара тилкеси аркылуу малды мыйзамсыз алып өтүү фактысын аныктады. Анда чек арачы тарабынан мамлекеттик чек араны бузгандарды кармоо аракети көрүлүп, бирок бир топ адамдар чек арачылардын мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбастан, мамлекеттик чек арадан мал айдап өтүүнү улантышкан.
Ага ылайык, мыйзамсыз аракеттерди токтотуу максатында чек ара отряды эскертүү иретинде асманга ок чыгарды. Бирок аткезчилер аларга карата агрессия көрсөтүп, бийлик өкүлдөрүнө кол салууга аракет кылышты.
"УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан 231-берененин 1-бөлүгү «Экономикалык контрабанда», 378-берененин 2-бөлүгү «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү», 374-берененин 2-бөлүгү “Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү” фактысы менен кылмыш иши козголду", - деп билдиришти мекемеден.
Белгилей кетсек, жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар деп шектелген 5 адам кармалып, Жалал-Абад облусунун УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.