"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын автопаркына 3 автомунара алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 2 даана 18 метрлик Isuzu DLQ5022JGKJ5 автомунара жана 22 метрлик жүк ташуучу Dongfeng EQ1060TJ20D3 атайын техникалары алынды. Ишкананын бригадасы автомунараларды иш жүзүндө сынап көрүштү.
"Беш орундуу унаалар авария болгон же шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу тармактары бузулган жерде жумуштарды ыкчам аткарууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.