Сокулукта сөөгү табылган Жанарбек: Ал ошол күнү карызга акча берген таанышына кеткен (окуянын чоо-жайы)

Чүй облусунун Сокулук районунда оор кылмыш жасоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 22-июль күнү Сокулук райондук ИИБге Ч.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал жолдошу 1990-жылы туулган К.Ж. ошол күнү эртең мененки саат 09:00 чамасында үйүнөн унаасы менен чыгып, кайтып келбегенин билдирген. Кийинчерээк К.Ж. аттуу жаранга таандык автоунаа айылдын четинен табылып, шек жараткан.
Бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө К.Ж. аттуу жаран жоголгон күнү, андан карызга акча алып, кайтарбай жүргөн таанышына кеткендиги аныкталган.
Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аталган кылмыш ишине шектүү катары Сокулук районунун тургундары 1988-жылы туулган Р.Ю., 1993-жылы туулган Р.Д. жана 1965-жылы туулган Д.А. аттуу жарандар аныкталып, алардын оор кылмышка катыштыгы бар экендигине талашсыз далилдер табылган.
Учурда "адам уурдоо" беренеси менен козголгон кылмыш иши "адам өлтүрүү" беренесине өзгөртүлүп, тергөө тарабынан жасалган оор кылмыштын бардык жагдайлары такталып жатат.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан