Төө-Ашууда жолдун ачылышын күткөн жүргүнчүлөргө суусундуктар таратылууда (видео)

Чүй ОИИББине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Төө-Ашууда жолдун ачылышын күтүп жаткан жарандарга суусундук таратууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, Бишкек-Ош жолунда жайгашкан Төө-Ашуудагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери башталды. Буга байланыштуу 26-июлдан 6-августка чейин ар күнү 10 саатка унаа кыймылына чектөө киргизилген.

Сосновка өткөрүү пунктунда ишке ашуучу чектөөнүн графиги төмөнкүдөй:

- Оор жүк ташуучу унаалар: Түнкү саат 03:00 дөн баштап 16:00 гө чейин жабылат.

- Жеңил унааларга: Эртең мененки саат 06:00 дөн баштап 16:00 гө чейин

Бишкек-Ош унаа жолунун 144-чакырымында, тактап айтканда Суусамыр өрөөнүндөгү чектөө:

- Оор жүк ташуучу унааларга: Эртең менен 05:00 дөн 16:00 гө чейин

- Жеңил унаалар: Эртең мененки саат 06:00-16:00 гө чейин жабык болот.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан