Ошто 81 жаштагы карыя дайынсыз болууда

Ош шаарында 81 жаштагы карыя дайынсыз болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына карыянын баласы Алмазбек Туратов билдирди.

Анын айтымында, Кара-Суу районуна караштуу Агартуу айылынын 81 жаштагы тургуну Бекен Туратов 23-июлда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.

"Ош облустук ооруканасы тараптан кичи автобустан түшкөндөн кийин дайынсыз болуп жатат. Атам ал тарапка саат 13:20 чамасында келген", - деди Алмазбек Туратов.

Изделип жаткан жарандын жакындары Бекен Туратовду көргөн-билгендер болсо 0 772 577 574 номуруна билдирип коюуну өтүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан