Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 5-отуруму өттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, анда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстан соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөгө басым жасоо менен өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө кыргыз-азербайжан стратегиялык өнөктөштүгүн жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.
Өз кезегинде Азербайжандын премьер-министринин орун басары Али Ахмедов өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 19 пайызга өсүп, 10,8 миллион долларды түзүп, пандемияга чейинки деңгээлден ашканын белгиледи.
"Үстүбүздөгү жылдагы товар жүгүртүүнүн өсүү динамикасы - биз мындан да жогорку көрсөткүчтөргө жете алабыз, деп айтууга мүмкүндүк берет. Биринчи жарым жылдыкта өз ара соода 4 эседен ашык өсүп, 17 миллион доллардан ашты",- деди ал.
Эки өлкө ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 5-отурумунун жыйынтыгы боюнча өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндө кыргыз-азербайжан стратегиялык өнөктөштүгүнүн тереңдешин чагылдырган жыйынтыктоочу протоколго кол коюлду.