"Ардактуу кароол, орусча жазылган плакат". Сергей Шойгу Түндүк Кореянын лидери менен жолугушту

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Пхеньянда болгон жолугушууда тараптар коргонуу жана коопсуздук багытындагы эки тарапты кызыктырган маселелерди талкуулашкан. Бул коронавирус пандемиясы башталып, Түндүк Корея чек арасын жапкан убакыттан берки эң алгачкы жогорку деңгээлдеги иш-чара экендиги айтылууда.

"Аталган иш-сапар орус-корей элдеринин ортосундагы аскерий алакаларды чыңдоого салым кошот жана эки өлкөнүн кызматташтыгынын өнүгүүсүндөгү маанилүү баскыч болот", - деп жазган Орусиянын Коргоо министрлиги расмий сайтына.

Сергей Шойгу бүгүн, 27-июлда Түндүк Кореяда ар жылы белгиленчү жеңиш майрамына арналган салтанатка катышат. Айрым булактар Кореяга Орусиядан тышкары Кытайдан да атайын делегация келгенин жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, Түндүк Корея Орусиянын Украинадан аннексиялап алган аймактарын тааныган дүйнөдөгү төрт мамлекеттин бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан