Кытайда көп кабаттуу үйдүн балконунда мал баккан фермер полиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Oddity Central басылмасы жазып чыкты.
Маалым болгондой, фермердин кошуналары малдын ызы-чуусунан жана жагымсыз жыттан улам тынч жашай албай жатканын айтып полицияга арыз жазган.
Ал эми басылманын маалыматына караганда, аталган жаран жакында эле айылдан чоң шаарга көчүп келип, салмагы 10 килограммдан 20 килограммга чейинки жети бука алып келген. Аларды балкондо үй жаныбарлары катары багып жүргөн.
Бийлик буга чейин малды алып кеткен, бирок ал ордуна кайра эле башка жандыктарды алып келип алган. Социалдык тармактын колдонуучулары бул жагдайды тамаша менен кабыл алып, дыйканды түшүнсө болот деп эсептешүүдө.
"Адам өмүр бою айылда жашап, короосунда мал багып көнүп калган" - деп билдирген полиция кызматы.