Африкадагы Нигер Республикасынын президенти жана анын жубайы өз коопсуздук кызматкерлери тарабынан барымтага алынды, Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, президент Мохамед Базум 26-июлда Ниамейдеги өз резиденциясында анын сакчылары тарабынан барымтага алынган. Аны барымтага алгандар президентти кызматтан кетүү боюнча документке кол коюуга мажбурлап жатышат, бирок ал андан баш тартууда. Ошол эле учурда шаар тынч, жол кыймылы чектелбей, интернетке кирүү сакталып турат.
Мохамед Базум жарадар эмес жана аскерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ошондой эле анын аялы Базум менен резиденцияда.
Аны аскерлер президенттик гвардиянын командири генерал Омар Цяниди кызматтан алуу маселесин көтөргөндөн кийин барымтага алып алышкан.
Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.