Бишкекте опузалап талап кылууга шектелген жаран калаада жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, ИИМдин кызматкерлери опузалап талап кылууга шектүү катары издөөдө жүргөн жаранды кармашты.
"Кылмыш иши 2019-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмү (опузалап талап кылуу) “эски кодекс” менен козголгон.
Милицияга Араван районунун жашоочусу кайрылып, ага карата жасалган кылмыш иши боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Тергөөдө аныкталгандай, 2019-жылдын күз айында белгисиз адамдар айылдашын сабап, физикалык күч колдонушуп, Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасын тартып алышкан", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча күнөлүүлөрдү аныктоого жана жоопкерчиликке тартууга багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Кылмыш ишине тиешелүү бир нече жарандар кармалып, укукка каршы аракет үчүн жоопкерчиликке тартылышты.
Ага ылайык, шектүүлөрдүн бири ошол учурда изин жашырып кетүүгө үлгүргөн. Ал 2020-жылы издөөгө алынган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери Оштун тургуну 1993-жылы туулган А.уулуС Бишкекте кармашты. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Кармалган жаран Араван РИИБге жеткирилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.