"Калыбына келтирүүгө 15 жыл керек". Италияда бир нече күндөн бери токойлор өрттөнүүдө (видео)

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам Италиянын түндүгүндө катуу бороондор катталса, түштүгүндө токойлор өрттөнүп жатат. Табигый кырсыктардын кесепетинен учурда 5 адамдын каза болгону, 2 миңдей адамдын эвакуацияланып, аба майдан жабылганы кабарланууда.

Sky News басылмасынын маалыматына караганда, Сицилия аралында апта башында катталган токой өртү шамалдын таасири менен кыска убакытта жайылып кеткен. Анда 650дөн ашык активдүү өрт катталып, өрт өчүрүүчүлөрдүн жана жергиликтүү тургундардын арасында каза болгондор менен жабыркагандар бар. Түтүндөн улам Палермо аэропортунда транспорт убактылуу токтотулуп, бир нече автожолдор жабылган. Адистер Сицилиядагы өрттөнгөн токойду калыбына келтирүү үчүн 15 жыл убакыт керек экенин айтып жатышат.

Учурда Италия уланып жаткан өрткө байланыштуу өзгөчө кырдаал режимин жарыялашы мүмкүн экени кабарланууда.

Италиянын түштүгү тилсиз жоо менен күрөшүп жатса, түндүгүндө нөшөрлөгөн жамгыр менен катуу бороондун таасиринен эки адам каза болгонун Reuters басылмасы жазып чыкты. Милан жана Брешиа шаарларынын четинде катуу шамалдан улам бак-дарактар ​​кулап, бир катар жолдор жабылган. Коомдук транспорттор үзгүлтүккө учурап, айрым жерлерде электр жарыгы өчкөн.

Өкмөт экстремалдуу аба ырайынан жапа чеккен аймактарга жардам берүү үчүн шашылыш чараларды даярдап жатканы, жабыркаган аймактардын чыгымы 100 миллион евродон ашык (110 миллион доллар) экени айтылууда.

Италияда бир нече күндөн бери токойлор өрттөнүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан