
Президент
Садыр Жапаров 27-31-июль күндөрү Жалал-Абад жана Ош облустарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы
Эрбол Султанбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров аталган облустарда бир катар жаңы объекттердин ачылышына катышат жана бул аймактардагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат.