Бишкекте окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 16 мектепке кыргыз класстарын ачуу боюнча тапшырма берилди. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Бишкек шаарында жалпы 103 мектеп болсо, анын 14ү толук кыргыз тилинде, 16сы толук орус тилинде билим берет. Ал эми калган 73 мектепте окутуу кыргыз жана орус тилдеринде (эки тилде) жүргүзүлөт.
"25-июлда Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жыйында Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментине окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 16 мектепке кыргыз класстарын ачуу боюнча тапшырма берилди", - деп жазылат маалыматта.