Ошто ок-дарыларды мыйзамсыз сактаган жаран кармалды

Ошто ок-дарыларды мыйзамсыз сактаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү катары Ош облусунун тургуну 1994-жылы туулган Т.С. аттуу жараны кармалган. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 2 даана РГД-5, 2 даана кол гранатасынын бириктирилген түзүлүшү (УЗРГМ), 29 даана 5.45 калибрдеги ок, 1 даана аскер кийими, күрөк, 2 даана бычак, 1 даана уюлдук телефон, флешка, 2 даана диск табылды. Экспертизанын корутундусунда жогорудагы ок-дарылар күжүрмөн ок-дарылар экени аныкталды.
Бул боюнча аталган жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ал Ош шаарындагы абакка киргизилгени жана иликтөө иштери жүрүп жатканы кабарланды.
Министрликтин маалыматында Т.С. аттуу жаран буга чейин соттолуп, эркинен ажыратылган. Ал 2017-жылы Түркия аркылуу Сирияга эл аралык террористтик уюмдун тарапташы катары куралдуу жаңжалга катышуу үчүн бара жатканда, Түркиядан кармалып Кыргызстанга депортацияланган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 226,375-беренелери боюнча соттолуп, 2021-жылы эркиндикке чыккан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан