Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Эртең, 28-июлдан баштап өлкө аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлүп, нөшөрлүү жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 28-июлдан 30-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
"Нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел-кыян каптоонун алдын алуу максатында үйлөрдүн, чарбактардагы жанындагы арыктарды таза кармаңыздар" деп билдиришти ӨКМдан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан