Чүйдө эки жеңил унаа жүк ташуучу унаанын алдына кирип кеткен окуянын чоо-жайы

Бүгүн, 27-июлда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда эки жеңил унаа жүк ташуучу унаанын алдына кирип кетти. Бул маалыматты Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн болжол менен саат 05:10 чамасында болгон. Анда Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда күн батышты көздөй бара жатып, 51-чакырымынан артка кайрылган. Ошол учурда Toyota Altezza жана Daewoo Nexia унаалары жүк ташуучу унаага келип урунган.

"Алдын ала маалыматтар боюнча жеңил жаракат алгандар бар экендиги айтылууда. Азыркы учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда"- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн Токмокко жакын айланма жолдо эки жеңил унаа жүк ташуучу унаанын алдына кирип кеткени тартылган видео интернетте тараган.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, кырсыктан жабыркаган беш адамга дарыгерлер жардам көрсөткөн, дагы эки жабырлануучу Канттагы ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан