"Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Дэн Сяопин проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги аялдаманы асфальттоодо. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, аткарылып жаткан иштер Ленин райондук администрациясынын протоколдук буйругунун негизинде ишкананын өндүрүш планына киргизилди.

Буга чейин аталган аялдаманын аймагы начар абалда болгон.

Ага ылайык, Октябрь районундагы Ахунбаев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун түштүк тарабында жайгашкан аялдама комплексинин аймагы да асфальтталууда.