Ысык-Көлдөгү күйүүчү май ташыган унаа менен жеңил унаанын ортосунда катталган жол кырсыгынын чоо-жайы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
"Кырсык бүгүн, 27-июлда саат 14:30 чамасында Ысык-Көл районундагы Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда болгон. Анда Ауди 100 үлгүсүндөгү жеңил унаа КАМАЗ 66052-11 үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа менен сүзүшкөн. Кырсыкка күйүүчү май ташыган унаанын каршы тилкеге чыгып кеткени себеп болгон", - деп билдиришти мекемеден.
Азырынча кырсыктан жабыркагандар тууралуу маалымат тактала элек. Учурда жол кайгуул кызматы аталган аймакта иш алып барууда.
Буга чейин окурман Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарына жакын аймакта жол кырсыгы катталганы тууралуу ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө билдирген.