Орусияда туристтерди ташыган тик учак кулап, 6 адам каза болду 

Орусиянын курамындагы Алтай Республикасында Ми-8 тик учагы кулады. Кырсыкта 6 адамдын каза болгонун ТАСС маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 27-июлда Тоолуу-Алтайдан 200 чакырым алыстыкта, Тунгур туристтик борборунан алыс эмес жерде катталган. Анда "Алтай Авиа" авиакомпаниясынын Ми-8 тик учагы электр зымдарына тийип кулаган, андан соң күйүп кеткен.

Аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин маалыматына караганда, тик учактын ичинде 16 адам болгон. Аларын алтоосу окуя болгон жерде каза болсо, он адам жаракат алган.

Ошондой эле министрлик учакта туристтер менен үч эпикаж мүчөсү болгонун кабарлаган. Учурда окуя болгон жерде тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, Тунгур айылы туризмдин борбору болуп саналат. Ал Алтай Республикасынын Усть-Коксин районунда, Катун дарыясынын жээгинде жайгашкан. Туристтик борбор Тоолуу-Алтайск шаарынан 380 километр жана Белуха тоосунан 43 километр алыстыкта орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан