Ошондой эле Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизилгендиги маалымдалды.
Бишкектеги бала бакчада наристени сабоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, №94 бала бакчанын тарбиячысы Б.М. өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Ж.О. аттуу үч жашар баланын денесине эч бир себепсиз залал келтирип, анын дене боюна жана психикалык жактан өнүгүүсүнө коркунуч келтиргендиги аныкталган.
"Бирок Октябрь райондук милициясынын тергөөчүсү текшерүүнүн жыйынтыгы менен бала бакчанын тарбиячысынын аракеттеринде кылмыштын курамы болбогондугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартып, материалдарды Укук бузуулар жөнүндө кодекстин алкагында кароого жөнөткөн.
Тергөөчүнүн аталган чечими райондук прокуратура тарабынан жокко чыгарылып, жаш баланын денесине залал келтирүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизилгендиги маалымдалды.