Бишкекте XVII Эл аралык “Оймо-2023” салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк фестивалы башталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, фестивалга жыл сайын Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Азербайжан, Ооганстан, Индия, Кытай, Орусия, Иран, АКШ жана Мексикадан чеберлер келишет.
Ал эми жарманкеге шаар тургундары жана чет элдик коноктор, кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство ишмерлери, чыгармачыл тармактардын өкүлдөрү катышты.
"Фестивалдын максаты - маданий мурастарды сактоо, салттуу билимдердин уландысын жандандыруу, кол өнөрчүлүк рыногун жана маданий мурастарга негизделген креативдүү индустрияларды өнүктүрүү жана Кыргызстанды экологиялык жактан таза маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, “Оймо” – Кыргызстанда 2006-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан эл аралык маданий фестиваль. Салт боюнча июль айынын аягында Бишкекте жарманке менен ачылып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланат.