Чүй облусунда эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, июнь айында эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү 2003-жылы туулган Д.Н. жана 2003-жылы туулган С.Т. аттуу жарандар кармалган. Алардын “Киа Оптима” унаасынын багажындагы кара түстөгү желим баштыктан болжол менен салмагы 11 килограмм 750 грамм болгон 47 таңгактагы “мефедрон” табылган.
"Алар аны белгисиз адамдарга сатууну көздөшкөн. Мындан тышкары, жогоруда жарандардын жашаган үйүнөн “мефедрон” психотроптук затын даярдоочу баңги лаборатория табылган. Тинтүү учурунда болжолдуу салмагы 100 граммды түзгөн “мефедрон” психотроптук заты, жеке коргонуу каражаттары, таразага тартуу жана таңгактоо каражаттары, ошондой эле химиялык реактор, психотроптук заттарды өндүрүү үчүн колдонуу үчүн 2 тоннадан ашык прекурсорлор жана башка буюмдар табылды", - деп айтылат маалыматта.
Андан аркы ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Бишкек шаарындагы кичи райондордун биринде аталган баңги лабораториянын жетекчиси 1995-жылы туулган А.И. кармалган. Ал өндүрүш процессин башкарып, мобилдик мессенджер аркылуу чет элдик кураторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, каржы эсебин чыгарып турган. Жогорудагы жаран бир жуманын ичинде баңги лаборатория 40 килограммга чейин психотроптук каражатты өндүрүп турганын да айткан.
"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттардын аз өлчөмдөгү партиясы бар кыстармаларды жашыруун жерлерге бекитип кетүү менен алектенгендиги аныкталган. Бул маалыматты текшерүү учурунда көк түстөгү “Экстази” психотроптук каражаты катылган 10 жер табылды. Алар баңги лабораторияны каржылоону криптовалюталар аркылуу ишке ашырып келген. Криптовалюталарды Бишкекте алмаштырып, накта акча каражаттарын банктык карталарына салышкан", - деп айтылат билдирүүдө.
Бул узакка созулган атайын операциянын жүрүшүндө 30 килограммдан ашык психотроптук каражат жана 2 тоннадан ашык прекурсор табылып алынган. Психотроптук затты сатууда кармалгандардын жана башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз кирешеси 165 миллион сомду (1 милллион 875 миң доллар) түзүшү мүмкүн. Бул ыкчам операциянын натыйжасында республика боюнча 180 миң 200дөн ашык бир жолку дозадагы “мефедрон” жана “экстази” жана башка психотроптук заттардын таратылуусуна бөгөт коюлган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.