Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Азербайжандын премьер-министринин орун басары Али Ахмедов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле эки мамлекет башчыларынын өз ара сапарларынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча аракеттердин бирдейлигин текшерди.
"Акылбек Жапаров Бишкек менен Бакунун ортосунда үзгүлтүксүз түз авиакаттамдарды ачууга, ошондой эле инвестициялык жана туризм тармагындагы мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Ал азербайжан-кыргыз фондунун күтүлүп жаткан практикалык ишке кириши эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкка жаңы дем берет, деген ишенимин билдирди", - деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде Али Ахмедов эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча долбоорлорду колдоого даяр экендигин билдирип, жогорку деңгээлдеги сапарлардын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өтүү ниетин ырастады.