Садыр Жапаров Ош шаарын бир ай ичинде ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну тапшырды

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарында ичүүчү таза суу үчүн төрт жаңы резервуардын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

"Мамлекет башчысына курулуштун жүрүшү, ошондой эле ар бир резервуардын көлөмү 6 миң куб метрди түзөрү жөнүндө маалымат берилди. Алар шаардыктар үчүн ичүүчү таза сууну чогултууга коюлган.

Президент Жапаров ишти тездетип, бир ай ичинде Ош шаарынын тургундарын таза суу менен толук камсыз кылуу маселесин чечүүнү тапшырды", - деп айтылат билдирүүдө.

Ош шаарынын мэри Бактыбек Жетигеновдун айтымында, муниципалитеттин мамлекет башчысынын тапшырмасын үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин аткарууга жетиштүү ресурстары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан