Садыр Жапаров Оштогу стадионду капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадионду капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

"Стадион 1961-жылы курулуп, 62 жыл ичинде жарым-жартылай гана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, бир дагы жолу толук оңдолгон эмес. Объектти капиталдык реконструкциялоо биринчи жолу жүргүзүлүп жатат жана ал 2023-жылдын май айында башталган. Президент Жапаров кошумча каражат бөлүп, жакын арада стадионду толук реконструкциялап, бүтүрүүнү тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Ошону менен бирге мамлекет башчысы спорт объектисин модернизациялоо боюнча иш-чаралар улантылышы керектигин, келечекте жабык конструкция долбоорун иштеп чыгуу, ошондой эле стадион заманбап көп функционалдуу спорт комплексинин талаптарына шайкеш келиши үчүн чуркоо жолдорунун абалын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Бүгүнкү күндө Ош шаарынын стадионунда эл аралык футбол оюндары жана шаардыктар үчүн ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп турат. Оңдоп-түзөө иштеринин алкагында ыңгайлуу шарттарды жакшыртуу үчүн стадиондо 11 миң орундук жаңыланып, Азия футбол конфедерациясынын талаптарына ылайык, футболчулар үчүн кийим алмаштыруучу жайлар жана душ бөлмөлөрү капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан