28-июлга карата аба ырайы

28-июлда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге дейре, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +20…+25, күндүз +29…+34,

Талас жергесинде түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +31…+36,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27,

Нарын дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,

Бишкекте түнкүсүн +22…+25, күндүз +30…+33 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан