Орусиядан келген турист Бишкекте маршруткага түшкөндөн кийин кымбат баалуу телефонун жоготту

Бишкекте маршруттук таксиде Орусиядан келген туристтин эки уюлдук телефондорун белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, ИИМге Орусиянын жараны Дмитрий кайрылган. Ал кайрылуусунда маршруткада уурдалып кеткен Самсунг жана Айфон 14 маркасындагы уюлдук телефондорун табууга жардам сураган.

Өз кезегинде министрдин кеңешчиси коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу Абдумалик Мамыров коноктун арыз дооматтарын уккандан кийин, Свердлов РИИБдин башчысы Азамат Байгазиевге кымбат баалуу гаджеттерди уурдаган кылмышкерди кармоо боюнча тез арада чара көрүүнү тапшырган.

Келтирилген чыгымдын суммасы 179 миң сомду түзгөн. Уурдалган уюлдук телефондорду милиция кызматкерлери уюлдук телефондорду сатып алуучулардан табышкан.

Көп өтпөй ыкчам кызматкерлердин жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында болжолдуу кылмышка шектүү адамдын ким экендиги аныкталган.

Ал 31 жаштагы М.А. экендиги аныкталып, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгүндө (уурдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча айып тагылып, башка жакка кетпөө тууралуу баш коргоо чарасы тандалган.

Милиция кызматкерлери уюлдук телефондорду мыйзамдуу ээсине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан